www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Андижан облусундагы Перинаталдык борбордун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы 27-мартта өзү иштеген төрөтканага дене табы жогорулаган 29 жаштагы уулун дарылоого алып келген. Бул тууралуу борбордо иштеген дарыгерлерге таянып, чет элдик маалымат булагы жазып чыкты.

– Кесиптешибиз коронавирус жөнүндө билип туруп, дарыгерлердин, медайымдардын, энелердин жана ымыркайлардын өмүрүнө коркунуч туудурду. 27-март күнү эртең менен саат 9дарда ал бөлүмгө дене табы жогорулаган 29 жаштагы уулун алып келди. Медайымдарды ийне саюуга, дене табын түшүрө турган тамчылатма (капельница) коюуга мажбурлап, уулун 15 саат бөлмөсүндө кармады. Анын аялы 25-марттан бери илдетке шектелгендиги үчүн карантинде жатканын билчүбүз, – дейт дарыгер.

Бул окуядан кийин аталган борбор дүрбөлөңгө түшүп, кызматкерлердин бири санитардык-эпидемиологиялык кызматка кайрылгандан кийин Перинаталдык борбор дароо дезинфекцияланып, бардык кызматкерлер текшерилген. Ал эми борбордун кызматкерлери бир сутка карантинге алынып, эртеси коё берилген.

Андижан облустук Перинаталдык борборунун башкы дарыгери Гүлмира Каюмова дарыгер коронавируска шектелген уулун чын эле төрөтканага алып келгенин тастыктап, бул факт боюнча иликтөө иштери бүтө электигин билдирген.

Облустук Перинаталдык борбор 200 орунга ылайыкташтырылып, учурда мекемеде 100дөн ашуун кош бойлуу аял бар экендиги маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости