www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус инфекциясын жуктуруп албоо үчүн түнкү клубдарга жана көңүл ачып бийлөөчү жайларга барбоо сунушун берет. Бул тууралуу аталган уюмдун өзгөчө кырдаалдар бөлүмдүн техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керкхов билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Акыркы убактарда биз түнкү клубдар жөнүндө эч кандай маалымат айткан эмеспиз. Бирок, алар азыр коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу эң көп жаралган жерге кирет", - деген Керкхов.

Мария Ван Керкхов түнкү клубдарды толугу менен жабууга каршы. Бирок, белгилүү бир жерлерде оорунун эң ири очокторун аныктап, адамдардын барышына чектөө киргизип, бир азга жабуу керек.

Ошондой эле көпчүлүк жүргөн жердин коопсуздугун камсыздоого келгендердин өздөрүнүн жоопкерчилиги экендигин баса белгилеген.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы 15 миллион 511 миң 157 адамдан аныкталды.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости