www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу өлүккананын дарыгерлерине пневмониядан каза болгон жарандын сөөгүн алуу үчүн акча төлөшкөн, 22-июлда алар алган акчаны кайра үй-бүлөгө кайтарып беришти. Бул тууралуу жабырлануучу Хулькар Исамова өзү Facebook баракчасына жазды.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаарынын тургуну Хулькар Исамова дарыгерлер анын уулунан атасынын өлүгүн сойдурбоо үчүн акча талап кылганын жазган. 

"Уулум өлүкканадан пневмониядан каза болгон атасы-Жол коопсуздук кызматынын инспектору Улукбек Умаровдун сөөгүн сатып алышканын айтты. Сойбош үчүн алардан 20 миң сом сурашкан. Бирок уулум 10 миң сомго сүйлөшүп, санитаркаларга 3 миң сом (башында 6 миң дешкен) беришкен. Тергөөчүнү 4 саат күтүшкөн", - деп жазган.

Ал эми 22-июлда "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин жардамы менен алар менден кечирим сурап, өлүккананын ичинде бизден алган акчаларын кайтарып беришти. Мен арыз жазуудан баш тарттым, эч кимге доом жок. Бизге кайтарылган акчалар кайрымдуулук иштерине жумшалат",- деп жазды Исамова.

Бирок Оштогу өлүккананын директору Нуркамил Даминов жабырлануучуга акчаны ким кайтарып бергенин билбей турганын айтты.

"Мен дагы социалдык тармактардан акча ага кайтарылып берилгендиги жана кечирим сураганы жөнүндөгү кабарды окудум. Бирок аны ким кайтарып бергенин билбейм. Биздин Патология жана анатомиялык бюронун кызматкерлери акча алышпагандыгын айтышууда. Биз менен биргеликте азыркы учурда моргдо соттук-медициналык эксперттер да иштеп жатат", - деп сөзүн жыйынтыктады Даминов.

Өз кезегинде Хулькар Исамова Ош өлүкканасынын кызматкерлери жана мекеменин директору акча алып келип, андан кечирим сураганын билдирген.

Врачи ошского морга вернули деньги семье, заплатившей за тело

Булак: NazarNews.kg

Последние новости