www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси Тедрос Гебрейесус коронавирус инфекциясынын жайылышы тездегенинин билдирди. Бул тууралуу Reuters кабарлады. Дүйнөдө аталган илдеттен 300 миңден ашуун киши жабыркап жатат деп маалымдаган ал.

Гебрейесус ушул жумада “чоң жыйырамалыктын” лидерлерине кырдаалга байланыштуу кайрыла турганын айтып, коронавируска каршы күчтөрдү бириктирүүнү, күчөтүүнү сурай тургандыгын жар салды. Ошондой эле медициналык кызматкерлердин илдеттен коргонушу үчүн өндүрүштүн бардык чараларын колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, дүйнө жүзү ооруну жеңүү үчүн активдүү иш-чараларга бет алышы кажет.

“Үйдөн чыкпоо жана башка адамдардан оолак болуу коронавирустун таралышын алдын алып, убактыттан утууга жардам берет, бирок бул коргоо чаралары гана болуп саналат. Илдетти жеңүү үчүн биз коронавируска каршы чабуулга өтүп, ар бир шектүү деп саналгандарды текшерип,  илдеттен жабыркагандарга камкордук көрүп, көзөмөлдөп, алар менен байланышта болгондорду карантинге алышыбыз зарыл”,-деп айткан ДССУнун жетекчиси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости