www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 23-марттагы басма сөз жыйынында, Нарын шаарында обсервацияда жаткандар дааватка келгендер. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Акматова даваатчылардын санын жана кайсы жактан келгенин айткан жок. Алардын коронавируска тапшырган анализи таза чыккан. Эми алар 14 күндөн кийин дагы кайра текшерилет.

Белгилей кетсек, 19-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте маалымат берип жатып Нарында коронавирус жугузуп алышы ыктымал деп изоляцияга алынган кишинин анализи таза чыкты деп билдирген. Нарын облустук казыятынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери облус боюнча жалпысынан 43 киши умрага барып келген. Алардын ичинен бирөө изоляцияга алынган. Ал адам 12-мартта Сауд Арабиясынан коронавирус тастыкталган сузактык үч тургун менен чогуу учуп келген.

23-марттагы расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 16га жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости