www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин Түркия биринчи жолу дүйнөлүк тартипти өзгөртүү процессине катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Эрдогандын айтымында, пандемиядан кийин, дүйнөлүк аренада абал бирдей бойдон кала бербейт. Өнүккөн өлкөлөр адамзаттын өнүгүүсү боюнча прогнозду кайрадан карап чыгууга мажбур болушат.

Түркиянын лидери эпидемияны Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки эң олуттуу глобалдык кризис деп атаган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 90 миңден ашуун адам коронавирус жуктуруп, 2 миңден ашуун адам көз жумду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости