www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыктылардын арасын толуктап келе жаткан, саясаттан башы бирден көрүнсө, бирде көрүнбөй, келечектеги белгилүү саясатчы боло турган Жамалбек Ырсалиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына маркум Элмирбек Иманалиев тууралуу эскерүүсүн жазып чыкты.

"Марал" радиосунда устаз Чубак ажы Элмирбек Иманалиев досубузду эскерип жатып жума намазга келгенин, ошол жерде кепичин уурдатып жибергенин айтканын угуп алып, эчкирип ыйладым.... Так ошол Жума намазга ээрчитип барып жаңы алган туфлисин уурдатып жибергенге себепкер мен болгом... Жанын койбой бир эле жолу "мени менен барып келчи" деп макул кылган элем...

Жакшынакай ниет менен жуунуп, тазаланып алып борбордук мечитке ээрчишип барган элек. Биринчи жолу мечитке келген. Кайсы шайтан азгырган акмак уурдап кеткенин билбейм... Ал убакта экөбүз тең жатаканада жашаган жардылар элек. Чыксак ошончо кишинин арасынан так ушул Элмирбек досумдун туфлисин уурдап кеткенине аябай ыза болдум...

Элмир болсо мага боору ооруп жүрөт. Мечиттин кызматкерлери бизге эски галош берип койду. Аны Элмикем сүйрөп алып: "Жүрү эми Ош базарга баралы", - деп Өзүбек ажыга жөнөдүк.

Бейшеналиева көчөсү №47 үйдө Өзкенин офиси бар эле. Ошол жерден барып ажыкеге жолуктук. Ажыке акча берди. Ош базарга барып так өзүнүкүндөй бут кийим алып кудуңдап кубанып калдык. Бирок, Элмирбек ошондо бир жакшы сөз айтты эле. "Уурдалган кийимди кайра сатып алса болот, уурдалган көңүлүмдү кайдан сатып алабыз досум", -дегенин эстейм...

Ошону эстеп алып азыр да ыйлап жатам. Кечир досум, мен сага татыктуу дос боло албадым. Колумдан келишинче аракет кылдым. Жатаканадагы кезиңерде үйүңөргө далай жаттым. Ушундай сонун сүйлөшүп жатып таңдын кантип атып кеткенин билбей калаар элек. Айзуура менен Сезим наристе кездери. Мен экөөнү көтөрүп эркелетип, колума эмне тийсе көтөрүп алып келээр элем...

Ай ушу, сен, аябай баласааксың, кийин көөп балалуу болосуң, деп койоор элең. Ошондо тойлоруна мен барып, эргип ырдап отурсам, ээ, деген элең.

Оозуңа сала бергендей болду. Кудайга шүгүр. Бирок, ошол балдарымдын тойуна жакшылыктарына катышып, өзүң айткандай, эргип төгүп берем деген убадаңа турбастан, менин көз жашымды төгүп керилип жатасың...

Сыймык БейшекеевШайырбек Абдырахман, Эрнис Кыязов, Рысбай Исаков, Кубат Болотканов, Жеңишбек Жумакадыр,Токтобек Асаналиев, Нургазы Мусаев жана башка канчалаган теңтуштар кабыргабыз кайышып, боз үйдү айланып турабыз. Артыңда канчалаган шакирттерин калды... Сен өлгөн жоксуң. Билбейм, негедир сени көмгөнгө колубуз барбай турат. Ишене элекмин...", - деп Жамалбек Ырсалиев жазган эскерүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости