www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү, дүйнөнүн эң бай адамы Билл Гейтс 5 жыл мурун эпидемия адамзатка коркунуч туудурат, бирок, биз буга олуттуу көңүл бурбайбыз деген.
2015-жылы Билл Гейтс эпидемия тууралуу лекция өткөн. Ал сөзүнүн башында эле бала кезинде коркунучтуу ядролук согуш болгонун, бирок азыр баардыгы өзгөргөнүн айткан.
"Кийин бир нече ондогон жылдарда бир нерсе 10 миллиондон ашык адамды өлтүрөт. Анда бул согуш эмес, өтө жугуштуу вирус болушу мүмкүн. Ал ракета эмес, микроб", - деген Гейтс.
Анын айтымында, адамдар согушту болтурбоого көп каражат жумшап жатканы менен эпидемиянын алдын алууга мүмкүн эмес. Оорунун эмне экендигин жана анын кандайча жайылышын аныктоочу атайын эпидемиологдор жок. Атайын аныктоо үчүн жүз миңдеген медициналык кызматкерлердин катышуусу талап кылынат.
"Кийинки эпидемия Эболага караганда кыйла кыйроого алып келиши мүмкүн.
Тактап айтканда, 2014-жылы Африканы Эбола эпидемисы каптап, миңдеген адам көз жумган. Мына Эбола эпидемиясын токтотууга ким жардам берди? Медиктердин күчтүүлүгүнөн аны токтото алды.
Эбола эпидемиясын жуктурган адамдар өзүлөрүн ушунчалык жаман сезип, төшөктөн чыга албай калышкан болсо, вирусту жуктуруп алган адамдар учакка отуруп, базарга барганда да өзүн жакшы сезиши мүмкүн.
Ал эми оору жайылып глобалдык эпидемиясы күчөгөн учурда, дүйнөлүк рынок үч триллион долларды жоготот, ал эми биз миллион жоготобуз", - деп кошумчалаган Билл.
Ошондой эле Гейтс дүйнөдө коронавирустун жайылышы 10 жумага чейин болот, эмгек рыногу чоң өзгөрүүлөрдү күтүүдө, буга адамдар да, өкмөттөр дагы даяр эмес деп айткан.
Эске сала кетсек, дүйнө жүзүнө коркунуч туудурган пандемия менен күрөшүү үчүн Билл Гейтс 100 миллион доллар бөлгөн.
Акыркы маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1 044 167ге жетти.
Каза болгондордун саны 55 311 болсо, сакайып кеткендердики ушул саатта - 222 332.
Булак: NazarNews.kg