www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лондондун тургуну мас абалында коронавирус менен ооруп жаткандай көрүнүп, полиция кызматкерине жөтөлгөнү үчүн алты айга түрмөгө кесилди. Бул тууралуу Metro басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-мартта 55 жаштагы Адам Льюис (Adam Lewis) мас абалында Лондондо сейилдеп жүргөн. Аны жергиликтүү полиция кызматкери көрүп калып токтоткон. Анда Льюис коронавирус менен оруп жаткандай түр көрсөтүп, офицерге атайын жөтөлүп баштайт. Ал аны кармап, полиция бөлүмүнө алып барат.
1-апрелде Льюистин иши боюнча сот отуруму болуп, ал алты айга эркинен ажыратылды.
Киши өзү катуу ма болгонун айтып, ал күнү эмне болгону эсинде жок экенин билдирген. Кийин 2019-жылдын сентябрь айынан баштап 2020-жылдын март айына чейин уурулук жана талап-тоноочулук үчүн үч жолу түрмөдө отурганы белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg