www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз "Кумтөр" боюнча татаал жолду тандадык. Мындай пикирди тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков билдирди.
--"Кумтөрдү улутташтыруу жолун тандасак жеңил болмок, тилекке каршы биз татаал жолду тандадык. Бириккен Улуттар Уюмунун 1962-жылы кабыл алынган резолюциясынын негизинде улутташтыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Ал документте жазылып турат, эгерде инвестор экологиялык эрежелерди бузса мамлекет кенди ѳзүнүн карамагына алса болот деп. Улутташтырууда жалгыз маселе жаралмак-бул канадалыктарга кенемте тѳлѳп берүү жагы. Анын суммасын бирге сүйлѳшүп чечип ушул жол менен кетсек Кумтөрдүн тагдыры оң жолуна чечилип кетмек. Эми соттошуу жолун тандадык, бул узакка созулчу процесс мисалы Чили мамлекети да соттошкон 7 жылга созулган, биздики 10-15 жылга созулушу мүмкүн. Эгер утулуп калсак, кесепеттери жаман болушу мүмкүн, ири суммадагы кенемте тѳлѳп калышыбыз мүмкүн", - дейт Камчыбеков.
Булак: NazarNews.kg