www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Министрлер кабинетинин экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманова эгер Нью-Йорк соту Кумтөрдү банкрот катары тапса, анда ал жабыларын айтпадыбы. Буга чейин ушундай тобокелчиликтер болору белгилүү беле?

- Бул жерде сөзсүз тобокелдиктер бар экени айтылган. Эң биринчи көйгөйү – бардыгы биздин ошол кездеги аткаминерлердин уруксатынын негизинде жасалган. Ошондуктан, эки жолду тандап алалы деген сунуштар башында эле берилген.

Биринчиси, тышкы башкарууну киргизип, процесстерди татаалдаштырбай, Кумтөрдү түз эле өзүбүзгө алуу болчу. Экологиялык зыяндарды эске алсак, Кумтөрдү толук улутташтырып алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Экинчи жолу – “Центерранын” алдында чечкиндүү талаптарды коюп туруп эле, жүз миллиондогон долларларды өндүрүп алсак болмок. Тилекке каршы, бул жолдорго барган жокпуз. Эми Нью-Йорк соту банкрот жарыялап койсо, Кумтөр жабылат, кооптонуп отурабыз.

- Башында өкмөт мүчөлөрү “соттон утуп чыгабыз” деп ишенимдүү айтып жатышты эле. Эми эмне себептерден улам ал ойлор тескери жакка бурулуп калды?

- Ооба, башында биз жак АКШ, канадалык эң күчтүү делген юридикалык компанияларды жалдаганын айтышкан. Алар иш менен таанышып, утуш биз тарапта болот (!) дешкен. Эми кайра “утулуп калышыбыз мүмкүн” деп жаткандары, жаран катары мени деле кооптонтуп, капалантат.

Бирок, соттун чечимин алдын ала айтуу кыйын. Эгер сот “бийлик Кумтөрдү туура эмес башкарууга алган” десе, биздин башкарууда иштеген кездердеги “Центерранын” жоготулган пайдасын төлөп берип калышыбыз мүмкүн. Алар 2-кварталдын жыйынтыгы менен 926 млн. доллар чыгымын айтышууда. Бул сумма көбөйүп кетсе кандай болот? “Долбоор кайра “Центеррага” кайтарылып берсин” деген чечим чыкса эмне болот? А эгер “Центерра” бизге Кумтөрдү өткөрүп берүүгө барса, анда компенсация төлөнүп калат. Аны кандай кылабыз?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости