www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Буюрса, бардык нерсени төңкөрүш, согушуу жолу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет жасайбыз", - деди бүгүн, 21-августта NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

- Турсунбек агай, эгемендүүлүктүн отуз жылдыгына арналган тегерек үстөлдө кайсы маселелер козголду? Кимдер келди, эмне тууралуу сөз болду?

-31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө, көз карандысыздыгына туура 30 жыл болду. Бирок, пандемияга байланыштуу орчундуу иш чара өтө элек. Ошондуктан кечээги иш чара эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган биринчи саясий иш чара болду десем туура болот. Тегерек үстөлгө га эгемендүүлүктүн тарыхына катышкан, эгемендүүлүккө эмгек сиңирген, эгемендүүлүктүн ысыгына, суугуна күйгөн, кыргызстандагы белгилүү деген саясатчылар, коомдук ишмерлер келди. Бийликке кеңештерин айтып, сунуштарын беришти.

- Бул иш чара сиздин демилгеңиз менен болдубу же жогору жактын тапшырмасын аткардыңызбы?

- Менин демилге көтөрүп, жогору жак колдоду. Ошон үчүн аталган тегерек үстөлгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, президенттин кеңешчиси, президенттик аппараттын бөлүм башчысы, Спикер Талант Мамытовдун өкүлү, өкмөттүн өкүлү келип катышты. Тагыраагы, Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзү тегрек үстөлдүн негизин, өзөгүн түздү. Садыр Нуркожоевич “мен президенттик ишимди кыргызстандагы коомдук саясий күчтөрдүн башын бириктирип, улуттук диолог, улуттук сүйлөшүү, баарлашуу аркылуу ишти кеңешип, кесип алып барам. Мамлекетте стабилдүүлүктү, бейпилдикти камсыз кылам” деген. Биз мына ошол маселенин алкагында тегерек үстөл өткөрдүк. Тегерек үстөлдүн эң башкы максаты конфронтация эмес, консолидация болду. Канткенде өлкөбүздүн ынтымагын, стабилдүүлүктү камсыз кылабыз. Канткенде оор абалдан чыгабыз. Канткенде улуттук диологго келе алабыз, кантип президентке жардам беребиз деген маселелердин алкагында сүйлөштүк. Кыскасы, бардык маселени ачык айткан мамлекеттик органдар менен саясий күчтөрдүн ортосундагы кенен баарлашуу болду.    

- Улуттук диолог, курултай өткөрүүгө токтолупсуңар. Сиздер демилге көтөрүп, өткөрөлү деген курултай конституцияга киргин жалпы элдик курултайбы же башкабы?

 - Туура талкунун жүрүшү менен тегрек үстөлдүн катышуучуларынын ичинен жалпы улуттук курултай чакыруу демилгеси көтөрүлүп, баарлашууну курултайдын деңгээлинде өткөрүп, чоң маселелерди ошол жерде талкуулайлы дегендер да болду. Кыскасы, омоктуу сунуштар берилди. Улуттук диолог өткөрөлү, форматын кеңейтели. 100-150 киши катыша турган форум да кылалы дегендер да болду. Буюрса, күздү ортолоп, атын кандай атаарыбызды билбейм бирок, 100-150 киши катышкан чоң жыйын өткөрөлү деген чечимге келдик.  Буюрса, биз өткөргөн жыйын консолидация болот. Биригүү, бириктирүү миссиясын аркалайт. Биз биригүү, сүйлөшүү жолу менен гана ынтымакка келип, өлкөдөгү тынчтыкты сактап кала алабыз. Буюрса, бардык нерсени төңкөрүш, согушуу жолу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет жасайбыз.

- Кандай сунуштар болду?

- Легендерлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мамлекеттик катчыга өзүнүн сунуштарын, кеңештерин берди. Ошондой эле бардык оппозициялык күчтөргө, оппозицияга калыс мамиле кылуу зарылдыгын айтты. “Бир жактуулукка жол бербегиле” деди. Бийликтин өкүлдөрү Чолпонбек Абыкеев, Бекболсун Бөрүбашев да улуттук диолог керек экенин, Конституциянын 7-беренесине кирген жалпы элдик Курултайды уюштуруу зарылдыгына токтолушту. Президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев мындай жыйындарды демин суутпай тез-тез өткөрүп туруу зарылдыгын айтты. Кыскасы, эки тараптын тең купулуна толгон, ачык айтып ак сүйлөнгөн жакшы жайын болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости