www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте унаа уурдап качкан жаран кармалды. Кылмыш 27-февралда Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

Анда жаш кыз керектүү жетүү үчүн такси чакырып, бирок дарекке жеткен маалда акча төлөөдөн баш тарткан. Буга байланыштуу таксист сыртка чыгып, телефон аркылуу милиция чакырып жаткан маалда кардар унаанын рулуна отуруп, таксини айдап кеткен. Айдоочу дароо милиция кайрылып, кылмыш дароо Бирдиктүү реестрге  “транспорттук каражатты уурдоо” беренеси боюнча каттоого алынган.

Жакында кылмышка шектүү 27 жаштагы жаш келин колго түшүрүлүп, учурда ал тергөө изоляторуна жайгаштырылган. Ал эми уурдалган унаа Ак Ордо жаңы конушунан табылган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости