www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы:

Коронавирус коркунучу биздин өлкөгө жакындады. Мындай пикирди бүгүн, 16-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын билдиргенине таянсак, учурда Казакстан менен Өзбекстанга тараган вирус Кыргызстанга дагы келип калышы мүмкүн. "Баарыңыздарга маалым болгондой, Казакстанда жана Өзбекстанда коронавирус жуктуруу фактылары катталды. Бул өлкөлөр менен негизги соода өнөктөштүк катыштыгыбыз бар болгондуктан, бизге таасирин берет. Вирустун Кыргыз өлкөсүнө келүү коркунучу жакындады десек болот. Ошого байланыштуу ыкчам чараларды күчөттүк. Текшерүү процесстери күчөдү", - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев 

Белгилей кетсек, Казакстан менен Өзбекстандын жарандарынан өпкөнү сезденткен жаңы вирус аныкталгандан кийин, Өзбекстан чек арасын жабып, авиакаттамдарын токтотконун билдирсе, Казакстан өзгөчө кырдаал жарыялаганын маалымдаган.  

Эске сала кетсек,  Кытайдан тараган коронавирус учурда бүт дүйнөнү кооптондуруп, пандемияга айланган чагы. Ага Италия баш болгон европа өлкөлөрү көбүрөөк кабылды. Ал эми Казакстанда бир нече күндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 адамга жетти. Кыргызстан бийлиги болсо, учурда вирус жуктуруп алган учур каттала электигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости