www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда жалган маалымат таратуу боюнча 2 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери “WhatsApp” мессенджери аркылуу Ивановка айылында короновирус жуктургандар дарыланууга жеткирилүүдө деген жалган маалыматты тараткан аял кишинин өздүгүн тактады. Ал жергиликтүү ооруканада тиш доктур болуп иштеген,  Ивановка айылынын  тургуну 27 жаштагы  Н.Н. болуп чыккан.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери тарабынан “WhatsApp” мессенджеринде Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында белгисиз адамдардын өздөрүн врач катары тааныштырып, коронавирустун шылтоосу менен үйлөргө кирип жаткандыгы тууралуу жалган маалымат таркаткан аял кишинин өздүгүн аныкташып, ал Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын тургуну, 40 жаштагы К.С. аттуу экендиги маалым болгон.

Аталган фактылар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости