www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Кордай районундагы Масанчи айылында дагы бир адамдын күйүп кеткен сөөгү табылды. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда бүгүн, 13-февралда белгисиз адамдын сөөгү жаңжал маалында өрттөнүп кеткен соода борборунун калдыктарын тазалоо учурунда табылган. Анын тек-жайын аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлүп жатканыда айтылат маалыматта.

Эске салсак, 8-февралга караган түнү Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарында жергиликтүү дунгандар менен казактар чатакташа кеткен. Алгач башаламандыктан он адам каза болгону, 30дан көп турак жай, 17 соода түйүнү, 47 машине талкаланып, өрттөлгөнү кабарланган. Мындай кырдаалдан улам бир нече миң казак жараны Кыргызстанга качкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости