www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Turkish Cargo, Кытайдагы коронавируска байланышуу өзгөчө абалдан улам Гуанчжоу аймагына гуманитардык жана дары-дармек жардамы менен медициналык шаймандарды алып барды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Түрк аба жолдорунун Басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда, Стамбулдагы «Ататүрк» аэропорту менен «Гуанчжоу» аэропортунун ортосунда, 102 тонна көлөмдүү «Боинг-777 F» жүк ташуучу учагы менен жүргүзүлгөн чартердик каттамдарда; дары-дармек, медициналык маскалар, бир жолу колдонулуучу мээлейлер жана дезинфекцияланган шишелер менен бирге медициналык буюмдар жеткирилди.

Гуманитардык жардамдарды ташыган учакты, Кытай өкмөтүнүн айрым жетекчилери менен Түркиянын Гуанчжоудогу башкы консулу Мехмет Куртулуш Айкан тосуп алышты.

Turkish Cargo, вирус жайылып жана каттамдар токтой баштаган 1-февралдан бери көпчүлүгү гуманитардык жардамдар менен медициналык буюмдардан турган тонналаган жүктү Кытайга алып барды.

126 өлкөгө абадан жүк ташуу кызматын көрсөткөн Turkish Cargo, дүйнөдөгү өзгөчө кырдаалдарда, табигый кырсыктарда жана адамзаттык абалдарда негизги логистикалык муктаждыктарды камсыздоого колдоо көрсөтүүсүн уланта бермекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости