www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн,13-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов коомдук жайларда диалектиде сүйлөөгө жана мыйзам чегинде тыюу салууга чакырды. Жети облустун эли жети диалектиде сүйлөп жатканы кыргыз тилинин жоголушуна, кыргыз улуту сакталбай калышына себеп боло тургандыгын айтып, депутатка бир нече аксакалдар айтып жатканын эскертти.

“7 дубандын эли жети тилде сүйлөй баштады деп жатышат. Биз кыргыз тилин сакташ үчүн, улут катары кийинки муундарга кыргыз улуту болгон, бар, болот деп айтыш үчүн биринчи тилди сакташ керек. Тилди сакташ үчүн ЖК улуу сөздүн трибунасында бир тилде баарыбыз сүйлөсөк. 7 дубандан келгендер ар кимиси өзүнүн тилинде сүйлөп баштаса, акырында тилге чоң зыян келет. Баарын эске алып, тапшырма берип мыйзам чегинде баарыбыз бир тилде баарыбыз сүйлөгөнгө алып келсек”,-деди ЖК депутаты “Ата Мекен” партиясынын  мурдагы сүйүктүүсү Сайдулла Нышанов.

Депутат Сайдулла Нышанов кызык эле, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Тайырбек Сарпашев, паспорттон улуту – кыргыз деген графаны алып салганда кайда эле? - деген суроо жаралат.  Нышановго көтөрө турган Кыргызстанда маселе деле көп эле, бул депутатка “мине болуп атыры” түшүнүш кыйын.

Белгилей кетсек, 30 млрд калкы бар Кытайдын 77 диалекти бар. Алар жолугушканда бир эле тил менен сүйлөшөт. Эске сала кетсек, Сайдулла Нышанов Жалал-Абад облусу Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылында туулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости