www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбе шаарынын тургуну Хуршед Хамроев өкмөттөн сууга чөгүп кеткен кызынын сөөгүн алып чыгуу үчүн Айни паркынын жанындагы суу сактагычтагы сууну агызууну өтүндү.

Быйыл 1-июлда 12 жаштагы Мунаввара менен 10 жаштагы Марям суу сактагычка чөгүп кеткен.

“Куткаруучулардын жардамы менен бир кыздын сөөгүн таптык. Эми экинчисиникин таба албай жатабыз. Суунун агымы өтө тез жана муздак. Ошондуктан сөөктү издөө оор болуп жатат. Жалгыз жол – сууну агызы жиберүү”, - деди Хуршед Хамроев

Былтыр суу сактагычтын айланасы тосулуп, бирок кээ бир тилкелери ачык калган. Кыздар дал ошол жерден киришкен.

Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери Тажикстанда 67 киши сууга чөгүп кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү балдар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости