www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дыйкандар жеңилдетилген насыяларды кантип ала алышат?

Баткен облусундагы дыйкан, фермер, багбандар жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалаган өндүрүшчүлөргө жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Арзан насыялар айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Айыл чарбасын каржылоо-9" долбоорунун алкагында берилет.

"Алты жана он пайыздык насыялар дыйканчылыкка, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субъектилерин каржылоого, лизингге техника алууга берилет. Аймактын климаттык шартына ыңгайлуу, мисалы, суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу боюнча сунуштар колдоого алынат жана органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө артыкчылыктар берилет", - деп айтылат маалыматта.

Жеңилдетилген насыя алууну каалагандар Баткен облусундагы "Айыл Банк", "РСК Банк", KICB, "Оптима", "Кыргызстан" банктарына кайрылса болот.

Белгилей кетсек, 2020-жыл ичинде облус боюнча "Айыл Банк", "РСК Банк" тарабынан 914 ишкер мамлекеттен 432 миллион 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.

Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен лизингге техника алса, 10 ишкер кайра иштетүү багытында насыя алып, чакан ишкерлик баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости