www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы окуучулардын ата-энелерине кайрылып, мектептерди толук ачуу маселесин чечүү үчүн убакыт жана чыдамдык талап кылынаарын балдарга түшүндүрүүнү өтүндү.
27-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирүү таратып, окуучулар аралыктан окууга каршы нааразылык акциясын уюштурууга камынып жатышканы тууралуу маалымат бар экенин, онлайн окуунун балдар үчүн да, ата-энелер үчүн да оордугун түшүнүп турушканын, бирок балдардын ден соолугу жана коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин билдирди.
Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө борбор калаада эки мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылып турат.
Бишкекте коронавирус эпидемиясынан улам 2020-жылдын март айында жабылган мектептер толук ачыла элек. Азыр 1, 5, 9 жана 11-класстын гана окуучулары кадимки тартипте окуп жатышат, калган класстар аралыктан билим алууну улантууда. Бул илдеттен Кыргызстанда 1,5 миңдей адам каза болду, оору жугузуп алгандар 90 миңге чамалады.
Булак: NazarNews.kg