www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден Ооганстандын борбору Кабулду талибдер басып алгандан берки алгачкы интервьюсунда америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин бул өлкөдө “башаламандык болбой койбойт эле” деген пикирин айтты. 18-августта Байден ABC News телеканалына курган маегинде Кабул аэропортундагы окуя тууралуу айтып жатып башаламандык баары бир чыкмактыгын белгиледи.

--"Биз артка кылчайып дагы териштирип, ойлонобуз. Бирок аскерлерди чыгарып кетүү канткенде башаламандыксыз болмок экенин айта албайм", - деди Байден.

Байден "Талибан" америкалыктарды жана союздаш өлкөлөрдүн жарандарын алып чыгып кетүүгө жардам берип жатканын, бирок алардын эл аралык миссиясына көмөктөшкөн ооганстандыктарды эвакуациялоодо айрым кыйынчылыктар бар экенин кошумчалады.

Буга чейин АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Кабул аэропортунда 4,5 миңге жакын америкалык аскер бар экенин, алар менен талибдер ортосунда каршылык жоктугун, командирлери менен байланыш ачык жүрүп жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости