www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мамлекеттик системада деградация улана берсе, экономикалык каатчылык күчөсө ар кандай радикалдашуу күчөшү мыйзам ченемдүү көрүнүш", - деди бүгүн, 19-августта NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу Айданбек Акматов.

- Айданбек байке, мамлекеттик система тазаланбаса, коррупция токтобосо элдин халифат курууга болгон ниети күчөй баштайбы?

- Мамлекеттик системада деградация улана берсе, экономикалык каатчылык күчөсө ар кандай радикалдашуу күчөшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок халифат курабыз дегендер күч алып кетет дегенге кошула албаймын. Ооба, бир жагынан динге берилген жаштар көбөйдү. Бирок, ошол эле учурда кыргыз коомунда светтик маанай, дин өзүнчө, мамлекет өзүнчө болуш керек деген ынаным үстөмдүк кылат.

- Халифат курууну көздөгөндөр террористтик уюмдун мүчөлөрүбү?

- Халифат куруу орто кылымдык кыял. Ал бизде өтпөйт. Бирок, жогоруда айткандай билим берүү сапаты абдан төмөндөгөн өлкөдө радикалдуу диний агымдар күч алышы, таасирге ээ болушу мүмкүн. Халифат курабыз дегендер ( андайлар анча-мынча соо эмес баштарда жүрүшү мүмкүн) террордук жолду тандаса, анда ошого жараша жообун алышат. Коомдон да, мамлекеттен да.

- Эгер мамлекет иштеп, коррупцияны жойбосо, адилеттуу башкаруу болбосо элдер радикалдаша баштайбы?

- Албетте, мамлекетте ушундай абал улана берсе, экономикалык каатчылык, жумушсуздук, кымбатчылык күчөсө радикалдык маанайлар күчөйт. Бирок бизде саясий радикалдашуу күчөшү көбүрөөк ыктымал.

Булак: Азия News гезити

Последние новости