www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы QazVac вакцинасы Кыргызстанда катталды

Коронавируска каршы QazVac вакцинасы 18-августта Кыргызстанда катталды. Бул тууралуу "Кабарга" Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда айрым деталдар талкууланууда. "Казак вакцинасы менен эмдөө эмки жумада башталат, вакцина региондорго бөлүндү", - деди ал.

Эске сала кетсек, 28-июлда Кыргызстанга гуманитардык жардам түрүндө QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости