www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден аскерлерге Кытай лидери Си Цзиньпин жакынкы 10-15 жылда "Америкага ээлик кылууга" даяр экенине ишенерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмаларжазып чыккан.

Байдендин сүйлөгөн сөзү Ак үйдүн сайтына жарыяланган.

"Мен башка дүйнө лидерлерине караганда Кытайдын башчысы Си менен көп убакыт өткөрдүм. 24 саат бою котормочусу аркылуу баарлашып, бул жакта жана Кытайда миңдеген чакырым жерди басып өтүп саякаттадык. Ал 2030-2035-жылдары Кытай Америкага ээлик кыларына ишенет, себеби автократтар (чексиз бийликке ээ адам — ред.) тез чечим кабыл алышы мүмкүн", - деген Байден.

Буга чейин АКШнын коргоо министринин биринчи орун басары Кэтлин Хикс Вашингтон менен Пекин атаандашкан көп тармак бар экендигин билдирген. Алар эл аралык тартиптин эрежелери, экономика жана башкалар. Бирок ал мамлекеттердин кызматташа турчу чөйрөлөр дагы бар экенин белгиледи.

Хикстин айтымында, Пентагон Кытай менен куралдуу жаңжал болот дебейт, бирок мамлекеттер мамилелерди начарлатып жиберүүдөн алыс болушу керек.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости