www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NEXT TV каналынын башкы редактору Кубатбек Айбашов дагы ошол аткезчилик жолундагы мунай бизнесинин схемаларына үңүлүп көрүп, арасынан депутат мырза Аккулу Бердиев таандык “Асман-Ойл” компаниясын кененирээк ачканга аракет кылган.

Парламенттин депутаты Аккулу Бердиевге таандык «Север-Югойл» компаниясынын Кыргызстан боюнча «Асман-Ойл» деп аталган 80дей мунай бекеттери бар.

Алардын эң кирешелүүлөрү кыргыз-тажик чек арасындагы Арка, Достук, Жаштык, Борбордук, Бешкент, Кулунду, Интернационал жана Кайрагач айылдарында жайгашкан.

Бул материалда ошол 80дин ичинен аткезчилик жолунда жайгашкан «Асман-Ойл-5» деп аталган бир гана мунай бекетинин соода жүгүртүүсүнүн масштабын эсептеп көрдүк.

Ал мунай бекеттери аркылуу депутаттын компаниясы жылына он миңдеген тонна күйүүчү май сатат. Алардын дээрлик 95% Тажикстанга чыгып кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости