www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден трансгендерлердин аскердик кызмат өтөөсүнө мүмкүнчүлүк бербеген мурдагы Дональд Трамптын тыйуусун алып салат.
Бул дүйшөмбү күнү Пентагондун жаңы башчысы Ллойд Остин катышкан салтанатта расмий жарыяланат деп күтүлүүдө.
Маалым болгондой, Байден тиешелүү жарлыкка кол коет жана аскер бөлүктөрүнө аны ишке ашыруу планын иштеп чыгууну талап кылат.
Белгилей кетсек, буга чейин Байден саламаттыкты сактоо министринин эркек жардамчысы, эркек туулган Рейчел Левинди дайындай турганы кабарланган. Ошентип, ал Сенатта ырастоо менен федералдык кызматка дайындалган биринчи трансгендер адам болот.
Американын мурунку лидери Барак Обама буга чейинки тыюуну алып салгандан кийин, 2016-жылдын июнь айынан баштап трансгендерлер аскер кызматын эркин аткара башташкан.
Бирок, бир жылдан кийин, 2017-жылы июлда Трамп трансгендерлердин куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөсүнө тыюу салганын жарыялаган.
Айрыкча, айрым бир өзгөчө учурларды эске албаганда, гендердик дисфория диагнозу коюлган адамдар, алардын физиологиялык жынысы ички сезимдерге дал келбестигинен көрүнүп, аскердик кызмат өтөөгө тыюу салынган. Гендердик дисфория деп табылбаган адамдарга кызмат кылууга уруксат берилген, бирок алардын биологиялык тармагында гана.
Булак: NazarNews.kg