www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразия экономикалык бирикмесинде (ЕАЭБ) товарларга навигациалык мөөр коюу боюнча келишим даярдалып жатат. Бул тууралуу Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Руслан Давыдов билдирди.

Ал "Евразия экономикалык бирикмеси менен "Бир алкак — бир жол" долбоорунун байланышы" видеофорумунда сүйлөдү.

"ЕАЭБде товарларга навигациалык мөөр коюу боюнча келишим даярдалып жатат. Бул эмнени түшүндүрөт? Жүккө атайын электрондук каражат тагылат. Анын жардамы менен товар кайсы жакта экенин гана билбестен, жүк тууралуу бардык маалыматты алууга болот. Бул текшерип жаткан учурда товар менен адамдын байланышын азайтат", — деди Давыдов.

Анын айтымында, навигациалык мөөрлөр Россияда колдонула баштады.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости