www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында Баткен коогалаңынын 21 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, калаадагы "Жеңиш" эс алуу багында өткөн иш-чарага Баткен коогалаңынын ардагерлери жана курман болгон жоокерлердин жакындары катышты. Алгач атайын эстеликке гүл коюлуп, окуяда каза болгондорго багышталып куран окулду. Мында пандемиялык шартка ылайык даталуу күн ири масштабда өткөрүлбөгөндүгү айтылып, эл жерди коргоодо сырткы күчтөр менен баатырларча салгылашкандардын эмгеги унутулбастыгы белгиленди. Ага кошо бир катар катышуучуларга республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңеши тарабынан медаль ыйгарылды.

"Жергиликтүү бийлик тарабынан курман болгон 8 жоокердин үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүлдү. Аны менен бирге бул жылы Баткен коогалаңына катышкан 100 ардагерге калаа казынасынан каражат бөлүнүп, атайын медаль жасатылмакчы", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 1999-жылы Баткен облусунун аймагына куралчан күчтөр бастырып кирип, ага каршы Жалал-Абад шаарынан жүздөн ашуун жоокер катышкан. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости