www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Курс ан Асановдун айтымында, мыйзам долбоору Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо максатында иштелип чыккан.

“Бул макулдашуу ЕАЭБ алкагында түзүлгөн эл аралык келишим болуп саналат жана мамлекеттик көзөмөл менен байланышкан маселелерди тейлөө, жарандык жана кызматтык куралдардын ички транзит аркылуу жылып жүрүүсү, ошондой эле компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу максатын көздөйт”, - дейт баяндамачы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости