www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинде мыйзамсыз алтын казуу фактысы боюнча быйыл февраль айында козголгон кылмыш иши кайра жанданды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Маалыматка ылайык, кенди иштеткен кытайылык “Фулд Голд Майнинг” ишканасы быйыл 20-февраль түнү Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын элүүдөй тургуну келип, өзүм билемдик менен кен казып кеткени жөнүндө милицияга арыз жазган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок кийинчерээк кытайлык компания өз арызын кайтарып алганына байланыштуу бул иш токтотулган эле. Жакында бул иш кайра жанданып, тергөө уланууда.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 400дөй адам иштейт.

12-июнда жергиликтүү 200-300дөй турган нааразы болуп, кенди иштеткен ишканага кирип барган. Бул боюнча өзүнчө кылмыш иши козголуп, 70тей адам суракка алынды. Учурда кен иштетүү убактылуу токтотулду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости