www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшанын чек ара кызматы өткөн суткада Беларус-Польша чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 48 мигрант кармалганын билдирди.

"Алардын жарымы Ирактын жарандары. Алар Свислочь дарыясынын өйүзүндөгү понтон менен Польшага жетүүгө аракет кылышкан. Ошол эле учурда беларус кызматтары аларга жардам көрсөттү", - деп айтылат Польшанын чек ара кызматынын билдүүсүндө.

Польша-Беларус чек арасындагы миграциялык кризис жайында башталып, ноябрдын башында күчөгөн. Декабрга карата ал жактагы качкындардын саны азайды. Стихиялуу лагерлер жоголуп, беларус бийлиги мигранттардын бир бөлүгүн логистикалык борборго жайгаштырды. Келгендердин миңге жакыны Беларустун аймагынан чыгып, Иракка учуп кеткен.

Европа Биримдиги миграциялык кризис үчүн Беларус президенти Александр Лукашенконун режимин айыптап келет. 2-декабрда ЕБ Беларуска каршы бешинчи санциялар пакетин киргизди. Чектөөлөргө 17 физикалык жак жана 11 уюм, анын ичинде "Белавия" авиакомпаниясы жана "Белоруснефть" мамлекеттик өндүрүштүк бирикмеси дуушар болду. Ушундай эле чараларды АКШнын Каржы министрлиги да кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости