www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы жана профессор Каныбек Осмоналиевдин «Менин өмүрүм жана көз карашым» аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу профессор Каныбек Осмоналиев өзү NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Кыргыз журту өзүнүн эгемендүүлүк тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй тарыхый окуяларга туш болду. Анын тарыхый этаптарында оор учурлар дагы орун алды. Ошол эле мезгилде кыргыз элинин күчтүү инсандары дагы пайда болот экен.

Бул китепте белгилүү саясатчы, окумуштуу-физик, профессор Каныбек Осмоналиевдин өз башынан өткөргөн жашоо мезгилдери анын өмүрүндөгү өлкөдө оорун алган орчундуу окуялардын контекстинде жазылган.

Автор, ата-бубасынын санжырасын, ата-энеси жөнүндө, ж.б. өзүнүн өмүрлүк жолун бала кезинен баштап, 2010-жылга чейинки убакыттар ичинде орчундуу өмүрлүк окуяларын сүрөттөгөн.

Демек, бул автобиографиялык китептин ошол 2010-жылдан бери карай мезгилдер үчүн дагы уландысы болчудай. Автор өзүнүн өмүрүн жекече көз караштары менен байланыштырып жазган.

Китепте автор менен алакалаш болгон саясатчылар, окумуштуулар жөнүндө дагы маалыматтар берилген, даректүү жана далилдүү окуялар жекече көз караштардын алкагында сүрөттөлгөн.

Бул китеп Кыргызстандын тарыхына кызыккан окуурмандарга арналат.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиевдин «Менин өмүрүм жана көз карашым» аттуу китеби 500 нусакада басылып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости