www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер Европа Биримдиги Американын товарларына 4 миллиард долларлык бажы салыгын салса, анда АКШ буга кескин жооп кайтарат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп маалымадады.

Трамп Дүйнөлүк Соода Уюмунун Брюсселге жылына болжол менен 4 миллиард долларлык бажы төлөмдөрүн киргизүүгө уруксат берген чечимин комментарийлеп жатып : «Эмне болорун көрөбүз. Эгер алар өч алууну колдонушса, биз алардыкынан да катаал өч алууну киргизебиз», — деп айты.

Ошондой эле буга чейин Дүйнөлүк Соода Уюму АКШнын Boeing авиация заводуна карата жеңилдиктерди таанып, Европа Биримдигине төрт миллиард долларлык Америка өндүрүмдөрүнө соода алымдарын киргизүүгө уруксат берген.

Эске салсак, өткөн жылы Дүйнөлүк соода уюму Вашингтонго 7,5 миллиард долларлык Европа товарларына бажы төлөмдөрүн киргизүүгө уруксат берген.

Белгилей кетсек, Boeing жана Airbus компанияларына жеңилдиктерди берүү же бербөө боюнча талаш-тартыштар 16 жылдан бери уланып келе жатат. Бул тарыхтагы эң ири корпоративдик кагылышуу болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости