www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, Амреев Казакбаевди тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Башкы катчы Кыргызстанга ушул жылдын 22-октябрында иш сапары менен келип, премьер-министр Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу ниетин билдирди.

Жолугушууда Түрк кеңешинин учурдагы ишмердүүлүгүн, анын ичинде COVID-19 учурунда кеңештин көрүлгөн чараларын талкуулоону пландашты.

Министр Р. Казакбаевди Кыргызстан Түрк кеңешинин куруучу мүчөлөрүнүн бири болуп саналарын жана мындан ары да Түрк кеңешинин өнүгүүсүнө жана бекемделишине салым кошууга даяр экендигин билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости