www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетин бекитти. Жаңы чектөөлөргө 170 компания, 48 жеке адам, 94 орусиялык жана 4 чет өлкөлүк банк, ошондой эле бир катар каржылык уюмдар жана танкерлер кирди.

Санкциялык тизмеде Кыргызстандын да бир катар субъекттери бар. ЕБ маалыматында Орусиянын каржылык системасы менен байланышкандыгы үчүн Кыргызстандын «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коомуна транзакцияларга тыюу салынары айтылат. Бул чаралар 13-августтан тарта күчүнө кирет.

Мындан тышкары, Орусиянын экспорттук чектөөлөрдү айланып өтүүсүнө көмөктөшкөн деген негизде Кыргызстандагы үч компанияга санкция киргизилди.

Алар:

•    ОсОО «Нова проект»; 
•    ОсОО «Рама Групп»; 
•    ОсОО «Шисан». 

Евробиримдик бул компаниялар Орусияга, анын ичинде жогорку технологиялык жабдууларды жеткирүү боюнча чектөөлөрдү бузууга байланыштуу чараларга кабылганын билдирди.

Ошондой эле ЕБ Кыргызстанды кошкондо бир катар өлкөлөрдө катталган айрым криптовалюталык платформаларга жана төлөм сервистерине транзакциялык чектөөлөрдү киргизди. Буга байланыштуу Кыргызстанда санкция талаптарын сактоо жана аларды айланып өтүү аракеттерине бөгөт коюу маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.

Последние новости