www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында 2027-жылдагы ажылык жана умра сапарларын уюштуруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү.
Жыйын 2026-жылдын 23-июлунда өтүп, анда комиссиянын курамы тааныштырылып, алдыдагы ажылык жана умра иштерин уюштуруу боюнча негизги багыттар талкууланды.
Жыйында ажыларды каттоо, авиакомпанияны тандоо, эмдөө иштерин уюштуруу, ажылар үчүн бирдиктүү кемселдерди даярдоо жана башка багыттар боюнча өткөрүлө турган конкурстардын мөөнөттөрү менен талаптары белгиленди.
Маалыматка ылайык, 2027-жылдагы ажылыкка каттоо жаңы тартиптин негизинде жүргүзүлөт. Каттоо бирдиктүү санариптик система аркылуу ишке ашып, жарандар iOS жана Android платформалары үчүн иштелип чыккан «Умра-Ажылык» мобилдик тиркемеси аркылуу каттала алышат.
Ошондой эле жыйында умра кызматтарын уюштуруу маселелери каралды.
Тактап айтканда, умра кызматын көрсөтүүчү компанияларды аккредитациялоо, келишимдерди жаңылоо жана жаңы талаптарды иштеп чыгуу боюнча сунуштар талкууланды.
Комиссия мындан ары да 2027-жылдагы ажылык жана умра сапарларын сапаттуу уюштуруу боюнча иштерди улантат.