www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда Чүй дарыясынын жээгинде жүрүп жаткан бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министр курулуш иштеринин сапатын, аткарылуу темпин жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын текшерди.

Ошондой эле жооптуу кызматтарга иштерди өз убагында жана талапка ылайык бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башында Чүй дарыясынын төрт тилкесинде жалпы узундугу 1720 метр болгон жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү пландалган.

Кийинчерээк президенттин тапшырмасынын негизинде дагы беш тилке кошулуп, алардын жалпы узундугу 5500 метрди түздү.

Натыйжада быйыл Чүй дарыясынын жалпы 9 тилкесинде, узундугу 7220 метр болгон аймакта жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда алгач пландалган төрт тилкедеги 1720 метрлик иштер толугу менен аяктаган.

Кошумча киргизилген беш тилкеде жалпы узундугу 5500 метр болгон курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Чүй дарыясында төрт тилкеде жалпы узундугу 3052 метр болгон жээк бекемдөө иштери аткарылган.

Последние новости