www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 4-апрелинде Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бирок, бул маалыматты айыгып чыкты деген бейтап жокко чыгарып, жалпы элге Кайрылуу жасады.
Анын айтымында, бул маалыматтардын баардыгы жалган. Эч кандай дарыланып, даары, укол алган эмес. Жөн гана 14 күн ооруканада жаттып чыккан.
Төмөндөгү видео-тасмадан толугу менен көрө аласыздар:
Эске сала кетсек, 4-апрелде Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирген.
"Ооруканадан чыгарылгандар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЦР анализи коронавирустун жок экенин көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 4-апрель саат 10:00гө карата коронавирустан 144 жаран жабыркап жатканы айтылган. Учурда 9 бейтап айыгып, стационарлардан чыгарылды. Бир жаран каза болду.
Булак: NazarNews.kg