www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-көл облусунун Боконбаев айылында карантинге алынган 16 адамдын азык-түлүгү жок, дүкөндөрдө сатуучулар сатпай жатканын жана анализи эки күн мурун чыгыш керектигин айтып, элге, өкмөткө кайрылышты.Бул тууралуу видео-тасма Фейсбук социалдык тармагына жарыяланган.
“Боконбаев айылында карантинге алынган 16 адамдын ахыбалын көрүп коюңуздар. Алар камака алынганы 16 кун болуптур. 14 күндө анализиңер чыгат, таза болсо үйгө чыгарыласыңар деген экен. Бирок, анализ чыга элек. А үй-бүлөөлөрүнө дүкөнчүлөр азык-түлүк сатпай жатышыптыр. Продуктулары жок дейт.
Кыскасы видеону коруп коюнуздар. Жаман сөз айткандар болбосун. Бири-бирибизге сый мамиле, түшүнүү менен кабыл алып, көйгөйдү чечүү жолун чогуу издейли. Жардам берели”",-деп Айбек Жаныбаев атту жаран жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg