www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cаламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда социалдык тармактарда айрымдар "оорубасам деле жаткырып коюшту, дары беришкен жок" деген маанайда билдирүүлөр тарап жатканына токтолду.

"Оорубаган адамды кармап туруунун бизге эч кызыкчылыгы жок. Бейтап өзүн дени сак сезсе да андагы вирустун козгогучу айланадагы адамдар үчүн кооптуу. Ошол себептен аны дарылап чыгаруу биздин милдет. Чыккандан кийин "мен дары ичпейм, дарылаган жок" деп айтканы акылга сыйбайт. Кандайдыр бир билдирүү жасаарда этият болууга чакырат элем", - деди министр.

Эске сала кетсек, кечээ, 4-апрелинде Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бирок, бул маалыматты айыгып чыкты деген бейтап жокко чыгарып:

"Бул маалыматтардын баардыгы жалган. Эч кандай дарыланып, даары, укол  алган эмесмин. Жөн гана 14 күн ооруканада жаттып чыктым", -деп бейтап айткан эле. 

Ал эми Бүгүн, 5-апрелге карата коронавирус жуктурган дагы 3 адам катталды. 

Жаңы кошулгандар Бишкек шаарынын тургундары. Жалпысынан өлкө боюнча жуктургандардын саны 147 адам болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости