www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген. Өкмөт билдирүү таратып, эреже бузгандарды жазалоо чаралары күчөтүлгөнүн айтты.

Ага ылайык, карантин чараларын бузгандарга 30-60 миң сомго чейин айып салынат. Ал эми дары-дармекти өз баасынан ашырып саткандар болсо 10 миңден 28 миң сомго чейин айып пул төлөшөрү айтылды.

Жанында документи жок көчөдө жүргөндөр үч миң сом айып төлөйт. Ал эми дүрбөлөң түшүргөн фейк маалыматтар үчүн жаза 5,5-17 миң сом деп айтылды.

Учурда коронавирус бүткүл дүйнөгө жайылып, ар бир өлкө ага каршы күрөшүү чараларын көрүүдө. Көпчүлүк мамлекеттерде чек аралар жабылып, карантин жарыяланган. BBC маалымат агенттиги дүйнө жүзүндөгү карнатинди бузган адамдар кандай жазаланып жаткандыгы тууралуу жазып чыкты. 

Филиппин

Пост филиппинской полиции

Филиппин президенти Родриго Дутерте карантин чаралары киргизилген аймактарда "маселе жараткандары көргө тыгам" деп эскертти.

Азыркы маалда дүйнө калкынын үчтөн бири ар кандай шартта чектөөлөргө алынды. Көп өлкөлөрдө полиция тартип бузгандарга карата катаал аракеттерге барууда.

"Мен полицияга, аскерлерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көрсөтмө бердим, эгерде маселе жаралып, өмүрүңөргө коркунуч туулса, ок чыгаргыла",-деди президент Дутерте.

Мындан бир нече саат алдын баш калаа Манилага жакын аймакта кишилер нааразылык акциясын уюштурган экен. Алар жакыр жашагандар үчүн берилген өкмөттүн азык-түлүк жардамы жетпей калганын даттанышкан. Аларды дароо кууп таратып, 21 кишини камакка алышты.

Көп өтпөй жергиликтүү администрация жардам баарына бирдей бөлүнүп берилерин, тизмени кайра карап чыгышарын билдирди.

Президенттин катуу айткан сөзү укук коргоочулардын сынына кабылды. Чиновниктер президенттин айтканын жумшартып, карантин чараларын сактоо маанилүү экенин айткысы келгенин, полиция ок чыгарбай турганын айтууга аргасыз болду.

Индия жана Пакистан

1,3 миллиард калкы бар Индияда 24-мартта премьер-министр Нарендра Модинин буйругу менен үч апталык карантин жарыяланган. Зарылчылык болбосо сыртка чыгууга тыюу салынды.

Полициянын аракеттери индиялык коомдук сайттардагы эң көп талкууланган тема болуп калды. Бир тарабы муну жактаса, экинчиси кескин сынга алууда.

Пенджаб штатында полиция көчөдө жүргөндөрдү кармап алып, "биз үйдө олтурбаган эл душманыбыз" деп кыйкырууга мажбурлаган.

Башкаруудагы "Бхаратия Жаната" партиясы "Твиттер" баракчасына топ кишилер коргоочу костюм кийген медициналык инспекторлорго таш ыргытып, кубалап жаткан видеону жарыялады. Жаалданган топтун аракетин сынга алган билдирүү жазды.

Окуя Мадхья-Прадеш штатынын Индор шаарында болгон. Дарыгерлер коронавируска тест тапшырган кишини текшерүү үчүн келгенде аларга кол салышкан. Алар унаага жашырынып калууга үлгүргөн. Эки дарыгер жаракат алып, кол салгандардын төртөө кармалды деп кабарлады жергиликтүү басылмалар.

Карантин эрежесин бузгандарды жазалап жаткан тасма Пакистандын коомдук сайттарында дагы талкууланууда. Марттын соңунда полиция бир кишини бамбук менен чапкылап, жазалап жаткан видео чыгып кетти.

АКШ

АКШда дагы ар кандай видеолор коомдук сайттарга жарыяланып кетти. Апта башында Лос-Анжелесте туулган күн өтүп жаткан жердеги тасма катуу талкууланды.

Майрамга 40 чамалуу киши чогулган. Бул карантин чараларын бузууга жатат. Ошондуктан кимдир бирөө полицияга кабар берген. Тасмада башында полиция үн күчөткүч менен эскертүү бергени тартылган. Кийин полиция каз-катар тизилип баратканын көрүүгө болот.

Мындай кагылышуулар АКШда биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин дагы Майамиде эс алып жаткандарды полиция кууп таратканы тартылган тасма интернетте топ жарган.

Полициянын дарегине расизм боюнча айыптоолор айтылып, ички иликтөө жүрүп жатканын америкалык басылмалар жазып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости