www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуяны кезектеги иш сапар учурунда, казакстандык кесиптешим айтып
берген эле. Анда сөз башынан болсун.
Ал күнү жумуштан эртерээк чыгып, жолдон паркка кайрылдым. Бош орундукка барып отургам. Аздан соң жаныма бир киши келип отурду. Кара шляпачан, көз айнекчен бул кишинин жүзүн үңүлүл деле тиктебедим. Өз оюм менен алек болуп отургам. Аңгыча эле тиги киши мага тамеки сунуп калды. Менде деле тамеки бар болчу, бирок тиги кишиники кымбат баалуу экен. Сунган колун сумсайтпай тамекисин алып күйгүздүм. Ошентип, ал кишинин тамекисин тартып жатканымды билем. Андан кийинкиси эсимде жок. Ошол отурган жеримде уктап калыптырмын. Ойгонсом, таң атайын деп калган экен. Шашып-бушуп эле үйгө жөнөдүм. Үйдөгүлөр уктап жатышыптыр. Таң атпай барып эшикти тарсылдаттым. Ошондо эмнегедир үйдүн бардык бөлмөсүнүн жарыгы күйдү. Анан тапыр-тупур болуп келип эле эшик ачылды. Мына кызык, үйдө ата-энем, бүт туугандарым бар экен. Атам-апамды алдап жатып да үйүмө түнөтө алчу эмесмин. Келип эле бир чыныдан чай ичип эле кетип калышчу. Мен алар менен учурашканча эле апам:
- Аксарбашыл, Кудайга миң мертебе рахмат. Ыраазымын сага - деп эле башымдан бир чыны сууну тегеретип жатты.
- Ой, эмне болду, апа? - мен түшүнбөй таң кала сурадым. Эч ким жооп берген жок. Эмнегедир эле баары жашып алышкан. Келинчегим болсо кадимкидей ыйлап кучактап калды.
Анан улам эле туугандарымдын бири келип кучактап учурашып жатты. Мынчалык эмнеге баркым көтөрүлүп кеткенин билбей башым маң. Үйгө кирдик. Келинчегим дароо эле дасторконду жайнатып жиберди. Курсагым аябай ачкан экен, тигилердин карап отурганын да эске албастан апылдата тамак жедим. Тамакка тоюп, наксырап отуруп кыялгандан кийин гана атам:
- Эми ачык айт, бир жумадан бери кайда жүрдүң? Сарсанаа болуп, издебеген жерибиз калган жок. Жок дегенде телефон чалып дайыныңды билгизип койбойсуңбу, - деди ачууланып.
- Бир жума?! Кайдагы бир жума? Жумуштан чыгып, паркта отургам. Уктап калыптырмын. Ойгонсом таң атайын деп калыптыр, анан үйгө шашып келбедимби. А, силер бир жума дейсиңер, - дедим, мен дагы ачуулана.
-Токто, токтой турчу. Сен эмне бир жума жоголгонуңду билбейсиңби? - деди, келинчегим таң кала.
-Жо-ок, менин эсебим боюнча кечтен таңга чейин эле жоголдум. Омей, жоголдум дейм да, паркта уктап калыптырмын.
- Чөнтөгүңдөгүлөрдү карап көрчү, эч нерсе жоголбоптурбу?
- Азыр, - мен чөнтөгүмдү аңтарып чыктым. Капчык бар, уюлдук телефонум деле жайында. Айтор, эч нерсем жоголбоптур.
- Мына кызык, - деди атам, - эгер сенин айтканыңа ишенсек бир жума бою паркта уктап отурган болуп каласыңбы? Ошондой кантип болсун?
-Билбейм, - деп ийинимди куушурдум.
-Эмнеси болсо да балам аман-эсен табылды. Аны эмне эле такып жатасың. Андан көрө уктайлы, - деди апам. Жаңы эле жатканбыз. Келинчегим белимден кучактап жаткан. Анан эле жин тийген немече төшөктөн атып туруп, жарыкты күйгүздү, Кайра келип эле менин белимди карайт. Мен да карасам, бөйрөк тушумда операциядан кийинки тырык пайда болуп калыптыр. Жүрөгүм шуу дей түштү. Эч нерсе түшүнбөй башымды мыкчып отуруп калдым. Келинчегим экөөбүз кеңешип, ал жөнүндө үйдөгүлөргө айткан жокпуз.
Атам-апам, бир туугандарым эртеси үй-үйлөрүнө тарашты. Келинчегим экөөбүз ооруканага барып, мен УЗИге түштүм.
-Операцияны жакшы хирург жасаптыр. Бөйрөгүңүздү аябай этият алган экен, - деди врач.
-Ыя, кантип?
-Ошентип эле.
Башка суроо берген жокмун, Жакшы врач экен, мага бюллетень жазып берди. Жумушка барып, кечке эмне болгонун ойлондум. Бирок эч нерсе эсиме түшпөдү.
Ошол түнү түш көрдүм. Бир сулуу орус кыз кирди. Эмнегедир мага рахмат айтып, ыраазычылыгын билдирип жатты:
«Мындан кийин ишиңиз оңолот, кабатыр болбоңуз. Бир бөйрөк менен деле сонун жашай бересиз. А, мен сиздин бөйрөгүңүздү убактылуу аманатка алдым. Акыретке барганда өзүңүзгө кайтарып берем», - деди.
Ошол күндөн тарта кудум телесериалдай болуп, күнүгө түш көрүп жаттым. Ал түштөрүмдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билбейм. Эгерде түшүм чындыкка дал келсе, мен эс-учумдан танган тамекини чегиптирмин, баягы кара шляпачан киши сунган. Анан мени машинагасалыптыр. Үч ак халатчан, маскачан врач операция жасап, бир бөйрөгүмдү алышыптыр. Ден соолугум кайра калыбына келгиче дарылап багышыптыр. Бир жумадан кийин өзүмө келгенде кайра паркка алып барып отургузуп коюшуптур. Түшүмө ишенбейин десем, операциядан кийинки тырык турат.
Ишенейин десем, кантип эле ошондой болсун. Айтор, эч нерсе түшүнбей койдум. Бирок түшүмө кирген орус кыз айткандай ошондон кийин эле ишим оңолду. Акча өзүнөн-өзү эле көбөйө баштады. Көп өтпөй өзүм чакан ишкана ачып кеттим. Мындай карасам бөйрөгүмдүн акчасы кайра кайтып келгендей эле болду. Же, орус кыздын ыраазычылыгы тийди бекен?
СУЛТАНГАЗЫ, Бишкек шаары
Булак: Сырдуу дүйнө