www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бири-бирине окшош типте салынган жатаканалар борбор калаабызда оголе көп. Тээ союз мезгалинде ар бир ишкана өзүнүн жумушчуларын убактылуу жашаганга үй менен камсыздырганы ушундай окшош үйлөрдү сала беришкен. Болгону бир эле бөлмө, ашкана, душ, ажаатканалары жалпы. Төрт кабат же беш кабаттан ашпайт. Лифтиси жок.
Мурун ар бир жатакананы пенсиядагы орус кемпирлер кайтарышчу, аны биз "вахтёрша" деп койчубуз. Жада калса училищелерден баштап жогорку окуу жайына чейинки жатаканалардын бардыгы бири-бирине окшош кылып салынган. Айылдан келген жердештерибиздин бардыгы ушундай жатаканаларда убактылуу жашап келишкен.
Кийинчерээк союз чачыраганда ишканалардагы иштер токтоп, гүүлдөп иштеп жаткан завод-фабрикалардын бардыгы жабылып, ал эми анын жатаканалары болсо акырындап арзан баада сатылып менчикке чыгарылып өтө баштаган.
Тыңыраактары аны кайра оңдоп-түзөп жасап алышты, жашоодон кыйналгандар аны үстүнө акча кошуп сатып жиберишип башка жакка көчүп кетишти. Анткени согоз жаңыдан чачыраганда жумуш жок кыйналгандар көп болчу.
Менин байкем менен жеңем Нарын тараптан көчүп келип ошондой жатаканалардын бирөөсүн сатып алышты. Убакыт өткөн сайын ошондой менчикке өткөн жатаканалар кымбаттай баштаган. Байкемдер аны доллар менен сатып алышкан. Дагы жакшы айылда жүргөндө малы көп болчу, ошол малынын бардыгын сатып жиберишти. Сыягы, өмүр бою айылда мал артында мал болуп жүрбөй калаада жашагылары келишти окшойт. Жеңем базарда соода кылып кетти, байкем болсо ар кандай курулуш иштерде иштеп, бош убактысында езүнүн менчик машинасы менен калаада таксилик кылчу. Кудайыма тобо, жашоолору жакшы эле болуп, иштери жүрүшүп жатты. Мен болсо студент болчумун, ошол байкемдин үйүндө жашап жүрдүм.
Үйдү бир сыйра оңдоп-түзөөдөн өткөрүп алышты. Беш кабаттуу жатакана, биз болсо эң үстүңкү кабатында турчубуз. Агам беш маал намаз окучу, намаз окуп жатканда жатакананын үстүңкү чатыры (чердак) тарсылдап, түкүлдеп, бирөөлөр ары-бери чуркап жүргөндөй болуп дабыштар угула берчү. Биз ага анча деле маани берчү эмеспиз. Мышыктар же болбосо көгүчкөндөр деп ойлоп койчубуз.
Жай мезгили болчу. Бир күнү мөндүрлөп катуу жаан жаады, дээрлик бир сааттан ашык жаады, жааганда да катуу төктү. Көчө агып жаткан сууга көлчүккө айланды. Ошондо биз жашаган бөлмөнүн шыбы кичине нымдалышып калды, Эгерде бир сутка жааса үйдөн тамчы тамчудай. Үстүнө чатырына чыгып жаан кайдан тамып жатат кермөй болдум.
Агам көчөдө таксилик кылып жүргөн. Ошол биз жашаган бешинчи кабаттын коридорунун тээ чет жакасында үстүңкү чатырына чыккан капкак өткөөл эшиги бар экен. Мурун темир шатысы бар болуптур, ал түшүп калып менимче ушул убакка чейин эч кимиси чыкпаса керек. Жыгач таап келип шатыны өзүм жасадым, анан люкту ачып үстүңкү чердагына чыктым.
Сыягы, союз чачырагандан бери шатысы жоголуп кетип бул жакка эч ким деле чыкпаса керек. Люкту чаң, желе, көк басып кетиптир. Люкту өйдө көтөрүп чатырдын ичине кирдим, Анан башка дүйнөгө киргендей болуп өз көзүмө өзүм
ишенбей жүрөгүм алкымына тыгылып токтоло түшкөнсүп кетти. Же көзүмө ушундай көрүндүбү билбейм, айтор, чаң баскан чатырдын ичинде бойлору менин тиземе жеткен эки аяктуу, жүндүү макулуктар ары-бери секирип өздөрүнчө кутуруп ойноп жатышыптыр.
Менин эстеп калганым, кулактары узун, келемиштердикиндей тумшуктары бар, куйруктуу, жүндүү макулуктар болчу. Алар эки аяктап да, төрт аяктап да чуркап жүрүшөт, Мени байкап калышты окшойт, бардыгы дүрбөтө бир бурчка барып өзүнөн-өзү жок болуп кетип жатышты. Эки аяктап басып бараткан бирөөсү токтоп артына бурулуп "бул каяктан келип калды?" дегендей мени бир аз карап турду дагы, анан шарт бурула төрт аяктап чуркаган боюнча бурч жакка барып көздөн кайым болуп кетти. Алдьтга кадам таштагандан чочулап селейип бир ордумда катып туруп калдым.
- Эмне болду, кайсыл жерден жаан тамып жатыптыр?! - жеңемдин төмөн жактан кыйкырган добушуна селт этип эсиме келип, анан кыймылга келдим. Айлана-чөйрөмө карасам бир да жан, бир да кыймыл-аракет жок. Жада калса бул жакта көгүчкөндөр дагы жок экен. Алардын бир дагы булгаган богун көргөн жокмун. Жеңемди чочутуп албайын дедим, анткени анын боюнда бар болчу, шыйпырдын жарака кеткен жерин таап аны атайын тешик бүтөгүч менен бүтөп майлап, төмөн карай түшүп келдим.
Ошондо биринчи жолу көрүшүм болчу ошондой макулуктарды. Баарынан да бардыгы бир бурчка дүрбөшүп көздөн кайым болуп кетишкенин карабайсыңбы. Жен гана менин көзүмв ошондой көрүнүп кетти болуш керек деп ойлоп койгом, аны эч кимге айткан эмесмин.
Арадан көп убакыт өткөндөн кийин агам дагы айтып жатпайбы, "чердактан" мен эки аяктуу бир макулукту көрдүм" деп. Анын сүрөттөөсү боюнча мен көргөн макулуктар менен дал келип жатат. Агам болгону бирөөсүн гана көрүптүр, а мен болсо аябагандай көп болуп ары-бери төрт аяктап, эки аяктап жүгүрүп жүрүшкөнүн көргөм да. Атүгүл бирөөсү токтоп, артына бурулуп мени бир аз карап туруп, анан көздөн кайым болуп кеткени эсимде.
Ооба, ошондо чак түш болчу, дагы жакшы кечинде же түн ичинде чыкпаганыбызга. Кийинчерээк агам бир бөлмөлүү жатаканасын кымбат баага сатып жиберип калаанын чет жакасындагы Ак-Босого деген жерден үй сатып алган, аны сонун кылып өзгөртүп салып алды. Азыр деле ошол жатаканадагы окуяны кез-кез эсиме түшүрө коём.
Чын эле ошондой макулуктар чатырда жашайбы же көзүмө ушундай көрүнүп кеттиби билбейм. Мага эле көрүндүбү дейин десем, андайларды агам деле көрүптүр. Анысынан да абага сиңип жок болуп кеткендерин карабайсыңбы.
Дегинкиси эле бул жашообузда биз билбеген, түшүнбөгөн, мээбиз жетпеген сырдуу окуялар көп. Андай окуялар бардыгына эле көрүнө бербейт окшойт. Эгер кокусунан ошондой кубулуштуу окуяларга кабылып калса сабыр кылып, өзүн токтоо кармоого аракет кылыш керек.
Ошондо гана аларды жеңе аласың, болбосо акылыңан айнып, элирип да кетишиң мүмкүн. Катуу коркуп калсаң мээге доо кетип оорулуу болуп калышын, да мүмкүн. Мындайда ар дайым токтоолук, чыдамкайлык, анан туруктуулук талап кылынат. Анткени бул турмушубузда бардыгын кезиктирүүгө болот.
У.АСАНВЕКОВ Бишкек шаар!
Булак: Сырдуу дүйнө