www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтканы туура келген молдо

Мындан бир топ жыл мурда Сары молдо деген киши болгон дешет. Өзүнүн чыныгы ысымы башкача экен. Өзү молдолугу, алдын ала көп нерсени билгендиги менен өзгөчөлөнгөн бул киши өңү сары болгон үчүн "Сары молдо" деп аталып калыптыр.


Сары молдо тээ алыскы бир айылда жашайт экен. Таң ата берки айылга жете келиптир шашып. Ал дайыма жөө жүрчү экен. Машина менен жарым күн жүрө турган жолду ал бир саатта эле басып келип калганына өрөөндөгү  адамдараябай таң калышчу. Бу сапар да күн чыкпай жете келген Сары молдого биринчи кезиккен Исмаил деген киши салам берип, сурап калат;
-Э, молдоке, таң атпай эмне мынчалык шашып?
-Аркы кошунаң Бердибек бу ааламдан өтүп кетиптир... Ошон үчүн батага жете келгеним...
-Эмне деп жатасыз, жарыктык!  Мен азыр эле көрдүм, Бердибек аба даарат
алып, үйүнө кирип кетти.
-Ырас элеби?
-Ой,   бусурманым,   кантип   калп айтайын. Өз көзүм менен көрдүм го...
-Ии, ошондой де... Анда жакшы экен... Бекер эле убара болуптурмун да.

-Сары молдо бир азга ойлоно түштү да, - кой анда, кетейин,  - деп кайра келген жолуна түштү...
Эки сааттан кийин Бердибек абанын үйүнөн өкүрүк чыкты Намазын окуп бүтүп, бир аз кыйшайып жаткан бойдон кете бериптир, бечара киши...

Исмаил ошондо түшүндү. Сары молдо бекер келген эмес экен. Кийин укса, Сары молдого аян берип, Бердибек абышка о дүйнө сала берген экен...

Дагы бир жолу ошол эле айылга Сары молдо келип, Шейшен деген кишинин үйүнө түшөт. Келсе баары эле тынч, эч кандай ызы-чуу жок. Анан Сары молдо үйдөгүлөрдөн сурайт:
-Шейшен кайда?
-Эртең менен тоого кеткен, - деп жооп берет уулу бир нерседен  шек санап. Анткени элдин баары билип калышкан анын сырын.  Сары молдо келсе жөн келбейт,   бир  балекет  болгон   го  деп ойлойт.
-Мага аян берип жатат. Шейшен бир кырсыкка учурайт болуш керек...

Тез, артынан баргыла... Тынч болгой эле...
Ушуларды айтып, Сары молдо башын чайкайт...
Айткандай эле, кыя жолдон аты мүдүрүлүп, чоң дайрага ат-маты менен кулап түшүп, каза болот...
Ошондон кийин элдин баары Сары молдо айылга келип калса эле бир жамандык болот дешип коркуп калышкан. Көрсө, Сары молдого ким эмне болору алдын ала көзүнө көрүнүп, аян берип турат экен. Эң алды ал өзүнө ишенбей жүрсө, кийин буга ишенип, жамандыктын жарчысы болбоюн деген таризде көп эл аралабай жүрүп, көзү өтүп кетти дешет.

Булак: Сырдуу дүйнө

 

< Предыдущий

Последние новости