www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан үч жыл мурда индонезиялык Арья Пермандын салмагы 200 кг дан ашык болчу. Анда бала 10 жашта эле. Арьянын сүрөтү басма сөз беттерине чыгар замат аны "дүйнөдөгү эң семиз бала" деп аташкан.
Тестиер бала күн сайын куурулган тоок, кесме жеп, газдалган суу иччү. Арьянын аябай семиргенин ушундан билиңиз, ордунан жарым кадам жылмак түгүл, баса албай калган. Ошон үчүн мектепке да баруусун токтоткон.
Качан баласы минтип семире берсе, жакын арада май басуудан каза болуп каларын билген ата-эне операцияга макул болушкан.
Хирургдар мында баланын чоюлган ашказанынын жарымынан көбүн алып салуу менен бирге "кууш жеңче" коюшкан. Ошондон кийин бала аз өлчөмдө тамак ичип калат экен. Ал эми саландаган терисин болсо, Арья мектептеги экзамендерин тапшыргандан соң алынат.
Азыр Арья 13 жашта жана салмагы 85 кг. Эми баланын тамагы жалаң гана балык эти. Шорпо менен жашылча-жемиштер болууда.
"Мен эми балдар менен чогуу футбол ойноп жатам, сууга түшөм" - деп кубанычын жашыра албайт. Анткени ал семиздигинин азабынан үйүнөн чыкпай калган эле.
Булак: Сырдуу дүйнө