www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакка тик учак кулаган жерден тартылган видео жарыяланды.

Кадрдан аба техникасы кулаганда күйүп, талкаланып эч нерсеси калбаганын көрүүгө болот.

Аталган тик учак Чоң-Алайга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди коштоп бара жаткан. Ташиев ал эки тоонун ортосунда катуу шамалдан улам кырсыктаганын айткан. 

Белгилей кетсек, кечээ, 4-июнда, Чоң-Алайды көздөй бараткан аскердик тик учак авариялык абалдан улам конууга аргасыз болгон. Ал Ош облусуна караштуу Араван районунун Кичи-Алай айылына түшкөн. Коргоо министрлиги конуу учурунда тик учактан өрт чыгып кеткенин маалымдаган.

Бортто экипаж менен кошо 15 адам болгон, 14ү Ош облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Бирөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости