www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арашан айылынын четинде 30 гектар жерди чымчык уча алгыс кылып тосмо тосуп, тоону торт кескендей кесип, топурагын түстөп, 9 миң 90 сомдук дарактарды Бишкек шаарын мэри Албек мырза тигип жатат деп уктук. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Албек мырза ал жерге VIP шаарчасын курат экен. 

Көрсө экс-президент Алмазбек Атамбаевге 3 гектар жер саткан Албек Ибраимов өзүнө 30 гектарды алып койгон тура. Эми шаардагы менчиктелген жерлери менен байлыктары эсеп жеткис дейт.

Учурда калк арасында “эчкиде эт жок, Албек коррупционерде бет жок” деп айтышууда. Албетте сөздө жан бар, базардагы 150 сомдук көчөттү 9 миң 90 сомго сатып алып атса. Кызыгы, 9 миң сомго 90 сомду тоголоктоп жазып койгонун карасаң, уят эле.

Өзү ушул киши 9 санын жакшы көрөбү, ката жазып уят болгон "Т9" деп ылакап болгон эми, 9 миң 90 сомдук көчөттүн артынан кызматтан кетип, кылмыш иши ачылбаса болду. ТЭЦтин этеги жабыла электе, Албек мырза минтип кийимин чечип алганы эмнеси?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости