www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Ош базарында 13-апрелде чыккан өрткө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Берекет" базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

"Берекет" базарында 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") жана 238-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарында үчүнчү ирет чоң өрт чыкты. 5-мартта "Сейтек" базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости