www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурордун талапкерлиги каралып жаткан учурда депутат Кенжебек Бокоев саясий куугунтуктар токтошу керектигин эскертти. Эл өкүлү Президент Сооронбай Жээнбековдун, “шайлоо бүттү, эми кандайдыр бир саясий өңүттө куугунтуктар болбошу керек деген” сөзүн мисал келтирди.

Депутат, “Өзүңүздөр билгендей биздин партиянын лидери Өмүрбек Бабановго карата анын шайлоодо айткан сөздөрү үчүн гана кылмыш иши козголду. Бул жерде саясий өңүттө гана кылмыш иши козголгону көрүнүп турат. Андан соң Өмүрбек Токтогулович фракция лидерлигин откөрүп, мандатынан баш тартты. Эгерде сиз башкы прокурор болуп калсаңыз бул маселени жеке өзүңүздүн көзөмөлгө алыңыз, биз демократиялык жолдон четтеп кетпешибиз керек” деген пикирин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости